• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон жолугушту. Талкууланган маселелер

Президент 0

Бишкек, 21.07.22./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-июлда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелери, ошондой эле региондун жана эл аралык алкактын күн тартибинде турган маселелер талкууланды.

Атап айтканда, Эки тараптуу кызматташуу маселелерин комплекстүү кароо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жана Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин активдештирүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Ошону менен бирге өлкө лидерлери чек ара аймактарындагы трансчек аралык дарыялардын суу ресурстарын өз ара натыйжалуу пайдалануу жана бул багытта кызматташууну жандандыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Тараптар суу ресурстарын колдонуу боюнча эки тараптуу маселелерди кароо жаатында ведомстволор аралык кыргыз-тажик жумушчу тобунун ишин улантуу чечимине келишти.

Аралды куткаруу эл аралык фондунун ишине байланыштуу мамлекет башчылары региондогу бардык өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын эске алуу менен Аралды куткаруу эл аралык фондунун уюштуруу түзүмүн жана укуктук базасын реформалоо боюнча бардык негиздөөчү мамлекеттердин ырааттуу аракеттерин улантууну жакташты.

Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон эки мамлекеттин жана эки элдин ортосундагы ынак коңшулук мамилелерди чыңдоо максатында саясий диалогду үзгүлтүксүз улантуунун маанилүүлүгүнө токтолушуп, тараптардын кызыкчылыктарын эске алып, маселелерди саясий-дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу тынчтык жолу менен чечүү зарылдыгын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий