• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектин Жунусалиев көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды

Коом 0

Бишкек, 21.07.22. /Кабар/. Бишкекте Жунусалиев көчөсүнүн Гагарин көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу борбордун мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолду оңдоо иштери 800 метр аралыкта жүргүзүлгөн.

"Бул көчөдө жол белгилерин түшүрүү жана орнотуу, тротуарларды оңдоо жана жүрүү бөлүгүн 9 метрге чейин кеңейтүү менен жолду толук калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү", -деп кошумчалашты муниципалитеттен.

Мэриядан белгилешкендей, жолду оңдоо Кытайдын гранттык каражаттарынын эсебинен "Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун 2-фазасынын алкагында жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, оңдоп-түзөө иштери 2022-жылдын 10- мартында башталган.

Пикир

Оставить комментарий