• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Түркмөнстандын президенттери Биргелешкен билдирүү кабыл алышты

Президент 0

Бишкек, 28.06.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов бүгүн, 28-июнда, Ашхабад шаарында сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Төмөндө билдирүүнүн тексти:

“Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун чакыруусу менен 2021-жылдын 27-28-июнунда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров расмий сапары менен Түркмөнстанда болду.

Достук жана өз ара ишеним чөйрөсүндө өткөн сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Мамлекет башчылары стратегиялык өнөктөштүктүн учурдагы абалын жана андан ары чыңдоонун келечегин талкуулашыпты, кыргыз-түркмөн мамилелеринин бардык спектрин карап чыгышты жана өз ара актуалдуу эл аралык жана региондук маселелер боюнча пикир алмашты.

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров жана Түркмөнстандын Президенти Г.М.Бердымухамедов саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнүн оң динамикасын баса белгилешип, 2018-жылдын 23-августунда Ашхабад шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосундагы Стратегиялык өнөктөштүк, достукту жана ишенимди бекемдөө жөнүндө декларацияны жана 2014-жылдын 11-ноябрында Ашхабад шаарында кол коюлган Достук, өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө келишимди жетекчиликке алуу менен,
келе жаткан Кыргыз Республикасынын жана Түркмөнстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына чоң маани берип,
эки тараптуу кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө умтулуп, төмөнкүлөрдү билдирди.

Кыргыз-түркмөн мамилелери тарыхый жактан эки элдин ортосундагы достук, бир туугандык, ынак коңшулук жана терең руханий байланыштарга негизделген.

Президенттер кыргыз-түркмөн саясий диалогун, соода-экономикалык мамилелерин өнүктүрүүнүн жана бекемдөөнүн, ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун келишимдик-укуктук базасын кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн ырасташып, жогорку, эң жогорку жана башка деңгээлдерде ишенимдүү жана конструктивдүү байланыштарды мындан ары тереңдетүүнү жана Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосундагы бир туугандык мамилелерди өнүктүрүүнү жакташты.

Мамлекет башчылары COVID-19 коронавирус пандемиясына жана терроризм, экстремизм, мыйзамсыз миграция жана адам сатуу, мыйзамсыз курал-жарак жана баңгизат соодасы, киберкоопсуздук сыяктуу учурдун чакырыктарына каршы күрөшүүдө эки өлкөнүн кызматташтыгын түзүү жана бекемдөө зарылчылыгын белгилешти.

Эки тараптуу кызматташуунун маанилүү бөлүгү катары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Түркмөнстандын Милли Генгешинин ортосундагы байланыштарды активдештирүүнүн маанилүүлүгү белгиленди. Бул контекстте эки өлкөнүн парламенттеринин деңгээлинде сапар алмашуу аркылуу парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүүнүн өзгөчө мааниси тастыкталды.

Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык кыргыз-түркмөн комиссиясынын өз ара аракеттенүүнүн ар кандай чөйрөлөрүндө эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү боюнча координациялык орган катары ишинин натыйжалуулугун андан ары күчөтүү жана жогорулатуу зарылчылыгы белгиленди. Президенттер кызматташуунун келечектүү багыттарын аныктап, ишке ашыруу жана биргелешкен ишканаларды түзүү жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу экономикалык, илимий-техникалык, гуманитардык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө көңүл буруу керектигин ырасташты.

Ишкердик үчүн жагымдуу экономикалык, каржылык жана укуктук шарттарды түзүүнүн, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн дүйнөлүк базарларга чыгуусунун мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуунун, эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөсүнүн ортосундагы байланышты чыңдай турган Тараптардын аймагында өтүүчү эл аралык көргөзмө иш-чараларына катышуунун, бизнес форумдарды уюштуруунун маанилүүлүгү баса белгиленди.

Президенттер транспорт, энергетика, өнөр жай, соода, айыл чарба тармактарында жана региондук кызматташууну мындан ары өркүндөтүү үчүн ыңгайлуу шарттар бар экендигин тастыкташды. Ушуга байланыштуу, Тараптар ишкердик байланыштарды, эки мамлекетте өндүрүлгөн продукция менен өз ара таанышууну, экспорттук-импорттук мүмкүнчүлүктөрдү изилдөөнү мындан ары жандандыруу жана экономикалык кызматташууну илгерлетүүнүн жаңы формаларын издөө зарылчылыгын билдиришти.

Тараптар өнөр жай жана энергетика жаатында биргелешкен ишканаларды уюштуруу жана соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо боюнча конструктивдүү кызматташууга ниеттерин билдиришти.

Мамлекет башчылары транспорт жаатында кызматташууну тереңдетүү эл аралык сооданы өнүктүрүүдө негизги мааниге ээ экендигин ырасташты. Эл аралык транспорттук коридорлорду түзүү боюнча ар кандай долбоорлорго биргелешип катышуу экономикалык кызматташууну бекемдөөгө жана кеңейтүүгө, транспорт инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана дүйнөлүк рынокторго кыска жана эффективдүү чыгуусун андан ары камсыздоо үчүн эки мамлекеттин транспорттук коммуникациялары аркылуу транзиттик жүк агымын баштоого өбөлгө болору белгиленди. Тараптар Кыргыз Республикасынын жана Түркмөнстандын жүк ташуучуларына ыңгайлуу, анын ичинде визаларды берүүдөгү консулдук төлөмдөрдүн тарифтерин өз ара унификациялоо жолу менен шарттарды түзүүнү макулдашышты.

Президенттер эки мамлекеттин тийиштүү түзүмдөрүнө Кыргыз Республикасындагы "Түркмөнстан" курорттук эс алуу объектисин жана эки өлкөдө соода үйлөрүн куруу боюнча инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин иштеп чыгуу тапшырмасын берүү боюнча чечим кабыл алышты.

Тараптар мамлекет аралык отун-энергетика тармагындагы кызматташтыкты күчөтүүнү макулдашты жана эки өлкөнүн тиешелүү түзүмдөрүнө Түркмөнстандан Кыргыз Республикасына жаратылыш газын, электроэнергияны, ошондой эле суюлтулган газды алып келүү маселесин иштеп чыгууну тапшырышты.

Мамлекет башчылары кадрларды даярдоо, адистердин квалификацияларын жогорулатуу жана электр энергетика жана газ жааттарында тажрыйба алмашуу маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө даяр экендигин билдиришти.

Президенттер өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу, айлана-чөйрөнү коргоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана климаттын өзгөрүшүнүн тобокелдиктерин азайтуу жаатындагы кызматташууну андан ары өркүндөтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Мамлекет башчылары Түркмөнстандан Кыргыз Республикасына минералдык жер семирткичтерди алып келүү мүмкүнчүлүктөрүн карашты жана эки өлкөнүн айыл чарба жаатында кызматташуусунун чоң потенциалын белгилешти.

Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстан эки мамлекеттин элдеринин кылымдарды карыткан достук, бир туугандык жана кызматташтык байланыштарын сактоо жана чыңдоо үчүн тарыхый жоопкерчилигин түшүнүп, билим берүү, маданият, искусство жана спорт жаатында эки тараптуу байланыштарды мындан ары тереңдетүүгө ниеттерин ырасташты.

Тараптар билим берүү жаатында кызматташууну өнүктүрүүгө жана чыңдоого кызыкдар экендигин билдиришти, тараптардын тиешелүү мамлекеттик органдарынын ортосунда билим берүү документтерин өз ара таануу боюнча эки тараптуу документке кол коюу зарылчылыгын белгилешти.

Жалпы тарыхый жана маданий мурастарды сактоо жана жайылтуу максатында Мамлекет башчылары кыргыз-түркмөн маданий кызматташтыгын арттыруу боюнча аракеттерди мындан ары дагы бириктирүү зарылдыгын белгилешти жана өз ара Маданият күндөрүн, биргелешкен көргөзмөлөрдү, фестивалдарды жана башка маданий иш-чараларды өткөрүүгө колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдиришти.

Эл аралык аренадагы өз ара пайдалуу кызматташтык эки мамлекеттин кызыкчылыгына жооп берерин таанып, Президенттер көп тараптуу дипломатиянын алкагында өз ара тыгыз аракеттенүү зарылдыгын белгилешти жана эл аралык саясаттын актуалдуу маселелери боюнча позицияларынын окшоштугун тастыкташты.

Кыргыз Республикасы жана Түркмөнстан мүчө болгон универсалдуу жана аймактык уюмдардын алкагында көптөгөн актуалдуу маселелер боюнча аракеттерди координациялоонун зарылдыгын белгилешти. Мамлекет башчылары Бириккен Улуттар Уюмунун жана анын институттарынын глобалдуу маселелерин чечүүдө, туруктуу өнүгүүнү камсыз кылууда, дүйнөдөгү коопсуздукту жана туруктуулукту чыңдоодогу ролун жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Тараптар Бириккен Улуттар Уюмунун Борбордук Азия үчүн Превентивдик дипломатия Борборунун региондогу өлкөлөргө талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүү жана чыр-чатактардын алдын алуу боюнча диалог жана эл аралык колдоо аркылуу потенциалды жогорулатуу боюнча жардам берүү аракеттерин кубатташты.

Мамлекет башчылары Борбордук Азия элдеринин гүлдөп өнүгүшү үчүн региондогу туруктуулуктун жана коопсуздуктун атмосферасын чыңдоого көмөк көрсөтүүгө өз ара аракеттенишерин белгилешти.

Тараптар Борбордук Азиядагы бардык өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын эске алуу менен Арал деңизин сактап калуунун эл аралык фондун (АДСКЭФ) ишмердүүлүгүн мындан ары реформалоо керек экендигин билдиришти.

Президенттер аймактагы толук өз ара аракеттенүүнү активдештирүүгө мүмкүндүк берген жана аймактык кызматташтыктын негизин түзгөн Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушууларынын форматын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу маанисин белгилешти жана Консультативдик жолугушуунун кезектеги жыйынын Борбордук Азия мамлекеттиринин жетекчилери буга чейин кабыл алган чечимдерине ылайык жакын арада өткөрүү ниетин белгилешти.

Мамлекет башчылары Борбор Азия мамлекеттеринин туруктуу өнүгүүсүнө шарт түзө турган "Биринчи Европа Биримдиги - Борбордук Азия" экономикалык форумун Кыргыз Республикасында 2021-жылы өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Президенттер өз ара урматтоо, ишеним, ачыктык жана өз ара пайда эки тараптуу кыргыз-түркмөн мамилелерин өнүктүрүүнүн негизги принциптери экендигин баса белгилешти жана кыргыз-түркмөн мамилелерине ылайык салттуу ишеним жана өз ара түшүнүшүү маанайында өткөн жолугушуунун жыйынтыгына канааттангандыгын билдиришти.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедовго жана бүтүндөй түркмөн элине кыргыз делегациясына көрсөткөн меймандостугу, жылуу жана достук маанайда кабыл алгандыгы үчүн чын дилинен ыраазычылыгын билдирди жана Түркмөнстандын Президенти Г.Бердымухамедовду Кыргыз Республикасына расмий сапары менен ал үчүн ыңгайлуу убакытта келүүгө чакырды. Расмий сапардын убактысы дипломатиялык каналдар аркылуу макулдашылат».

Пикир

Оставить комментарий