• 88.68
  • 95
  • 0.95

Садыр Жапаров иш сапары менен Германияга учуп кетти – коштоп кеткендер

Президент 0

Бишкек, 28.09.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-сентябрда, Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольцтун чакыруусу менен 29-сентябрда өтө турган “Германия – Борбордук Азия” саммитине катышуу үчүн иш сапары менен Берлин шаарына учуп кетти.

Мамлекет башчысынын иш сапарынын алкагында Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр, Германиянын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен Борбордук Азия мамлекет башчыларынын биргелешкен жолугушуусуна катышуу, “Германиянын экономикасынын чыгыш комитети” герман ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү менен жолугушуусу да пландаштырылган.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында:

- Биринчи айым Айгүл Жапарова;
- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
- Президентти администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
- Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов;
- Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов.

Пикир

Оставить комментарий