• 88.68
  • 95
  • 0.95

Октябрда Бишкектен Шарм-эль-Шейх жана Нячангга түз аба каттамдары ачылат

Коом 0

Бишкек, 28.09.23./Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын октябрында Бишкектен Шарм-эль-Шейх жана Нячанг шаарларына түз каттамдар ачылат. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту” ААКтын басма сөз кызматы билдирет.

Тактап айтканда, 2-октябрдан тарта Шарм-эль-Шейх - Бишкек - ​​Шарм-эль-Шейх аба каттамын дүйшөмбү жана шаршемби күндөрү ачуу пландалууда. Чартердик каттамдар кыш мезгилинде үзгүлтүксүз аткарылып, Египеттин Red Sea Airlines авиакомпаниясы тарабынан ишке ашырылат.

Ал эми 30-октябрдан 30-мартка чейин VietJet Air авиакомпаниясы Вьетнамдын Нячанг шаарынан шейшемби күндөрү учууну пландаштырууда.

“Жаңы каттамдар Кыргызстан менен башка мамлекеттердин ортосундагы байланышты чыңдап, туризм жана бизнес алмашууну жеңилдетет”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий