• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ 15,1 млн сомго планшет сатып алат

Коом 0

Бишкек, 17.11.21. /Кабар/. КР Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Финансы-чарбалык камсыздоо башкы башкармалыгы тышкы кызматтар үчүн планшеттерди сатып алууга тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, пландалган сумма - 15 млн 162 миң сомду түзөт, конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү - 25-ноябрда аяктайт.

Ведомство андроид 7.1 версиясындагы 380 даана планшет сатып алат.

Пикир

Оставить комментарий