• 88.68
  • 95
  • 0.95

28-сентябрга карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 28.09.23./Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 28-сентябрга карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, бүгүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүйдө +21…+26, Таласта +18…+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +21…+26, Ысык-Көл облусунда +14…+19, Нарын облусунда +15…+20, Бишкек шаарында +23…+25 жана Ош шаарында +24…+26 градус жылыйт.

Пикир

Оставить комментарий