• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Нуран Ниязалиев Бельгиянын элчисинен ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 01.12.21./Кабар/. Бүгүн, 1-декабрда КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Бельгиянын элчиси Анри Вантигемден ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, расмий тапшыруу аземинен кийин тараптар Кыргызстан менен Бельгиянын ортосундагы достук мамилелерди мындан ары да бекемдөө маселелерин талкуулашты.

Саясий диалогду тереңдетүүгө жана соода-экономикалык, инвестициялык, гуманитардык жана маданият тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты активдештирүүгө басым жасалды. Ишкердик өнөктөштүктү, ошондой эле жашыл энергетика, туризм жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча өз ара аракеттенүү үчүн олуттуу потенциалдын бар экендиги баса белгиленди. Бельгиялык тарап билим берүү тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Кыргыз тарап саламаттык сактоо, айыл чарба, инвестицияларды тартуу жана коргоо, билим берүү жана илим, маданият, спорт, туризм жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча кызматташуу боюнча мурда иштелип чыккан документтердин долбоорлорун кароону тездетүүнү сунуштады.

Өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында пландаштырылган иш-чараларга, анын ичинде 2022-жылдагы жогорку деңгээлдеги сапарларга өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар кыргыз-бельгия мамилелеринин бардык комплексин мындан ары да өнүктүрүүгө өз ара ниетин ырасташты.

Сүйлөшүүнүн аягында министрдин биринчи орун басары Ниязалиев элчи Вантигемди кызматка дайындалышы менен куттуктап, ардактуу миссиясында ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий