• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Sports Awards – 2021. Касмамбетов: Туу үч учурда көтөрүлөт, алардын бири спортчулар жеңишке жеткенде

Коом 0

Бишкек, 01.12.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2021-жылы Кыргызстан спорт тармагында өз куржунуна 400 медаль топтой алды. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жылдын мыкты спортчуларын сыйлоо аземинде билдирди.

Белгилей кетсек бүгүн, 1-декабрда, Бишкектеги Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Sports Awards - 2021 аталышындагы жылдын мыкты спортчулары сыйланышты.

Иш-чаранын ачылышында мамлекеттик катчы сөз сүйлөп, Кыргызстанды дүйнөгө таанытып жаткан спортчуларга ыраазычылык билдирди.

“Намыска жараган, туу көтөрүп элди тааныткан, спортко тыгыз байланышкан агай-инилер, балдар-кыздарыбыз сиздерге даңк. Туу чет жактарда үч учурда көтөрүлөт. Алсак, президент барган өлкөдө, башка өлкөнүн аймагында элчилик ачылганда, үчүнчүсү, спорт тармагында жеңишке жетишкенде туу көтөрүлүп, гимн ырдалат. Бул өтө жооптуу, ары маанилүү окуя. Учурда биз дүйнөгө сиздерге окшогон азаматтар менен таанылуудабыз”, - деди.

Касмамбетов учурунда Каныбек Осмоналиев 51 кг салмакта болуп 200дөн ашык салмакты көтөрүү менен дүйнөгө кыргызды таанытканын белгилеп кетти.

“Ал спорт тармагынын төрүндө орун алат. Ошондой эле Орзубек Назаров мушташат дегенде бирибиз калбай отуруп алып көрчүбүз. Мына азыркы учурду айтсам, бир эле жылда спорттун ар тармагында 400 медаль алып келиптирбиз. Сиздерге чоң таазим”, - деп куттуктап өттү.

Пикир

Оставить комментарий