• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад облусунда милиция профилактикалык иштерди улантууда

Аймак 0

Бишкек, 04.03.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында кылмыштуулуктун жана ар түрдүү кырсыктардын алдын алуу максатында милиция тарабынан тынымсыз түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү милициянын көчмө кабылдама унаасы менен жарандардын арыз-даттанууларын жеринде угушууда. Алар жергиликтүү тургундардын көйгөйлүү маселелерине көңүл бурушуп, түшүндүрүү иштерин кошо алып барышууда. Кылмыштуулуктун алдын алууда жарандардын кайдыгер мамиледе болбой милиция менен тыгыз кызматташуу зарылдыгы жеткирилүүдө. Ошондой эле жаш өспүрүмдөргө түшүндүрүү жумуштары жүргүзүлүүдө.

Профилактикалык жумуштар Чаткал РИИБдин кызматкерлери жана райондук билим берүү бөлүмү тарабынан да алып барылууда. Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын инспекторлору аба ырайынын суук мезгилдерине карабастан мектеп окуучулары менен жолугушууларды өткөрүшүүдө. Окуучуларга терс көрүнүштөрдөн алыс болуу керектиги эскертилип, сабактарды калтырбай татыктуу билим алуу зарылдыгы айтылууда.

Ал эми Таш-Көмүр ШИИБдин имаратында 60 жашка толгон ички иштер органдарынын ардагери Жанузак Жылтырбековго ИИМдин «Кыргыз милициясына 95 жыл» юбилейлик медалы тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий