• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Улуттук банк санарип сомдун алгачкы версиясын түзө турган компанияны тандайт

Экономика 0

Бишкек, 03.03.24. /Кабар/. Улуттук банктын «Санарип сом» долбоордук тобу борбордук банктардын санарип валюталарын (ББСВ) сунуштоочуларга жөнөтүлгөн «Санарип сомдун прототиби үчүн функционалдык жана техникалык талаптар» суроо-талабынын алкагында, санарип сом санарип валютасынын прототибин эксперименталдык режимде (Sandbox) сыноодон өткөрүүгө кызыккан төмөнкү он эки компаниядан Улуттук банкка сунуштар келип түштү.

Башкы финансылык жөнгө салуу органынан билдиришкендей, төмөнкү компаниялардан сунуштар түшкөн:

1. Axellect;
2. DCM, Ltd.;
3. EMTECH, Inc.;
4. FIS, Inc.;
5. G+D Filia GmbH;
6. Knox Networks, Inc.;
7. MONTRAN;
8. Nahmii, Ltd.;
9. R3 Corda Ltd.;
10. SICPA/Nabatech Inc.;
11. TCS Quartz, Ltd.;
12. Xiamen Huge Energy Stock Co., Ltd.

Компаниялардын жөнөткөн сунуштарын кылдат иликтеп жана баалагандан кийин, Улуттук банк санарип сомдун алгачкы версиясын түзүү, төлөмдөрдү симуляциялоо жана санарип сомду колдонуу менен тар чөйрөдө биринчи тестирлөө иштерин баштоо үчүн ББСВ сунуштоочуну тандайт.

Тандоо критерийлери блокчейн платформасынын технологиясын, инновациялык потенциалды, технологиялык ишенимдүүлүктү, сунушталган чечимдердин коопсуздугун, төлөмдөрдүн тездигин жана бардык финансылык инфраструктурага натыйжалуу интеграциялануу мүмкүнчүлүгүн камтыйт.

Санарип сомдун прототибин апробациялоо Кыргызстандын экономикасын жана финансылык системасын санариптештирүү боюнча Улуттук банктын стратегиялык багытын билдирет. Санарип валюта финансылык инклюзивдүүлүктү чыңдоо, которуу жана төлөө процесстерин жеңилдетүү, ошондой эле финансылык операциялардын ачык-айкындыгын жана коопсуздугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Долбоордун жүрүшү жана тестирлөөнүн жыйынтыктары тууралуу толук маалымат Улуттук банктын расмий булактары аркылуу долбоордун баскычтарынын ишке ашырылышына жараша берилет.

Пикир

Оставить комментарий