• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Экономика министринин орун басары керектөө бааларынын өсүүсү боюнча айтып берди

Экономика 0

Бишкек, 18.05.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларында өлкөдө керектөө бааларынын өсүүсү өткөн жылга салыштырмалуу 7,1%ды түздү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов билдирди.

Анын айтымында, негизинен баалар азык-түлүк эмес товарларга, тамак-ашка, тарифтерге жана калкка кызмат көрсөтүүлөрдө өскөн.

“Баалардын өсүүсү учурдагы геосаясий абалга байланыштуу. Бизде чет өлкөдөн ташып келүү үзгүлтүккө учуруганда, ал жакта дагы жеткирүүдө үзгүлтүккө учуроолор болуп, натыйжада ички жана тышкы базарларда сунуштардык бир өлүгү азайган. Ага кошумча Кыргызстандын товарлардын көп бөлүгүн чет өлкөлөрдөн импорттой турганын эске алуу керек, бул кайрадан дүйнөдөгү азыркы абалга байланыштуу. Ошондой болсо да министрлер кабинети тарабынан бул багытта монополияга каршы жөнгө салуунун алкагында товарлардын бааларын кармап туруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Мисалы, материалдык резервдеги айрым товарларды базарга чыгарып, бааны жарым-жартылай төмөндөттүк", - деди ал.

Ал белгилегендей, товарларга баанын өсүүсү республика боюнча байкалып, эң көп өсүш Ош шаарында катталган.


 

Пикир

Оставить комментарий