• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

МСК Австралия, Литва, Германия жана Сингапурдун салыктык башкаруу тажрыйбасын үйрөнүүдө

Экономика 0

Бишкек, 18.03.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматкерлери МСКнын операциялык багыттары үчүн оптималдаштырылган бизнес-процесстерди иштеп чыгууга арналган стратегиялык сессияларга катышышты.

Ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашкандай, иш-чаранын алкагында Австралия, Литва, Германия, Индонезия, Түштүк Корея жана Сингапур сыяктуу өлкөлөрдүн салыктык башкаруу тажрыйбасын колдонуу менен келечектүү бизнес-моделдер изилденип сунушталды.

Семинарда Салык кызматынын төрагасынын орун басары Адилет Дубанаев бул иш-чара салык кызматын мындан ары өнүктүрүүдө, салык процедураларын модернизациялоо жана электрондук кызматтарды жакшыртууда маанилүү экендигин белгиледи.

"Акыркы үч жылда салык чөйрөсүндө чоң реформалар жүргүзүлүп, көрүнүктүү жыйынтыктарга жетишти. Бул семинардын негизинде маанилүү иштер жүргүзүлүүдө, анын жыйынтыгы боюнча салык кызматынын ишин жакшыртуу үчүн электрондук сервистердин толугу менен автоматташтырылган модулдары киргизилиши керек", - деди Адилет Дубанаев.

Семинардын алкагында негизги бизнес-процесстер, анын ичинде салык төлөөчүлөрдү каттоо, салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүү, кирешелерди декларациялоо, апелляциялык жол-жоболор, карыздарды өндүрүү, КНСти башкаруу, электрондук эсеп-фактураларды контролдоо, акциздик товарларды эсепке алуу жана маркалоо, ошондой эле күйүүчү-майлоочу материалдарды контролдоо иштери кылдат иштелип чыкты.

Мындан сырткары, семинарда даттанууларды кароо, статистиканы жүргүзүү, ККМди контролдоо, тобокелдиктерди башкаруу, ошондой эле жергиликтүү салыктарды башкаруу маселелери каралды.

Пикир

Оставить комментарий