• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда «Салык карызын кыскартабыз» бир айлыгы жарыяланды

Экономика 0

Бишкек, 09.04.19. /Кабар/. Кыргызстанда «Салык карызын кыскартабыз» бир айлыгы жарыяланды - деп билдирет Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы.

Иш-чаранын максаты - салык карызын өндүрүү жана кыскартуу, өнбөгөн карыздарды эсептен чыгаруу боюнча иштерди күчөтүү болуп саналат.

Жарыяланган бир айлыктын чегинде аймактык салык органдары бир катар иштиктүү чараларды көрүү менен салык карызын өндүрүүгө, аны кыскартууга өзүнүн болгон күч-аракеттерин жумшашат.

"Атап айтканда, мурда жүргүзүлгөн инвентаризациялоонун жыйынтыгында аныкталган субъекттерден салык карызын мажбурлап өндүрүү чаралары кабыл алынып, көчмө жана камералдык текшерүү актысы боюнча кошуп эсептелген суммалар боюнча, ошондой эле, укук коргоо органдары тарабынан козголгон кылмыш иши боюнча салык карызын өндүрүү иштери күчөтүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, карыздарды мажбурлап өндүрүүгө материалдар сотко өткөрүлүп берилет, салык төлөөчүнүн мүлктөрүнө каттоо жүргүзүлөт, алыш-бериш эсебине салыктык төлөм талаптары коюлат, банктардагы эсептер жабылат, ал эми карыз болгон субъекттердин жетекчилери жана башкы бухгалтерлери административдик айыптарга ж.б. тартылат.

Ошол эле учурда салыкчылар тарабынан жер-жерлерде салыктарды жана эсептелген төлөмдөрдү өз убагында жана толугу менен төлөө зарылдыгы тууралуу салык төлөөчүлөр арасында түшүндүрүү иштери активдештирилет.

Пикир

Оставить комментарий