• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эми электрондук патентти смартфон аркылуу тариздеп, төлөм жүргүзүүгө болот

Экономика 0

Бишкек, 03.09.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы "СМАРТ Салым" салык жол-жоболорун санариптештирүү долбоорунун алкагында электрондук патентти мобилдик тиркемелер аркылуу – бул этапта "MegaPay" мобилдик капчыгы аркылуу тариздөө жана ал үчүн төлөм жүргүзүү боюнча мүмкүнчүлүгүн киргизди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, салык төлөөчүлөр эми салык органына барбастан, смартфондун жардамы менен аралыктан патент толтуруп, баасын эсептөө менен төлөй алышат.

Маалымдаректер жана төлөм суммасы сервис аркылуу автоматтык түрдө түзүлөт, болгону транзакциясын ырастоо керек болот.

Бул сервисти киргизүү салыктык башкаруу жол-жобосун жөнөкөйлөтүп, бизнес жүргүзүүгө жагымдуу шарттарды түзөт жана ишкерлердин өздөрүнүн ишин жеңилдетмекчи.

Санариптик жаңылыктын дагы бир артыкчылыгы – электрондук платформалар аркылуу мамлекет менен коммуникациянын жана кооперациянын болушу эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий