• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Финчалгындоо комбанкттардан массалык түрдө кардарлардын эсептери тууралуу маалыматты суроого укугу жок - Абдыгулов

Экономика 0

Бишкек, 25.12.18. /Кабар/. Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматы коммерциялык банкттардан массалык түрдө кардарлардын эсептери жана банк уячалары боюнча маалыматты суроого укугу жок. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов айтты.

Ал билдиргендей, Финчалгындоо акчаларды мыйзамсыз айлантуу же терроризм жана экстремизмге шектүү адамдардын эсептери тууралуу гана маалыматтарды коммерциялык бакттардан сурашы керек.

“Банктык купуя – бул банктык купуя бойдон калуусу керек. Банктык купуяга байланыштуу маселелер мыйзам чегинде гана жүргүзүлүшү керек. Акчаларды мыйзамсыз айлантуу менен күрөш жүрүшү керек, бирок булардын бардыгы мыйзам чегинде болушу абзел", - дейт Абдыгулов.

Эске сала кетсек, Банктар бирикмеси буга чейин Финчалгындоо кызматы коммерциялык банктардан баардык эсептер жана уячалардын ээлери жөнүндө маалыматтарды талап кылуусу тууралуу айткан. Ал эми Финчалгындоо кызматы банктардан аты-жөнү, эсептин номери жана кардардын ПИНин гана сурагандыгын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий