• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Быйыл 4 айда "Кепилдик фонду" тарабынан 204 млн сомго 600 кепилдик берилди – Абакиров

Экономика 0

Бишкек, 13.05.20. /Кабар/. Быйыл 4 айда "Кепилдик фонду" тарабынан 204 млн сомго 600 кепилдик берилди. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында "Кепилдик фонду" ААК башкармалыгынын башчысы Малик Абакиров билдирди.

Анын айтымында, быйыл 4 айда алардын активдери 102%га өсүп, 1 млрд 225 млн сомду түздү.

"Кепилдиктерди берүү токтогон жок. Төрт ай ичинде 204 млн сомго 600 кепилдик берилди. Кепилдиктин саны былтыркы жылга караганда 400%дан ашты. Бирок сумма жагынан ал 91%ды түзөт. Ал коронавирустун тийгизген таасири менен байланыштуу. Ошентсе да биздин ишмердик кирешелүү болуп саналат. Биз 20 млн таза киреше таптык. Ал былтыркыга караганда 186%га көп. Өнөктөш банктар биздин кепилдигибиз боюнча 1 млрд 100 млн сомдон ашык насыя беришти", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий