• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жогорку Кеңеш электр энергиясына болгон баанын жогорулашына каршы

Экономика 0

Бишкек, 11.12.18. / Кабар/. Парламент электр энергиясына болгон баанын жогорулашына каршы. Бирок, бул боюнча чечимди Жогорку Кеңеш кабыл албайт. Бул тууралуу Отун-энергетика комплекси жана жер казыналарын пайдалануу комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, тарифтер боюнча чечимди көз карандысыз ыйгарым укуктуу “ОЭКТМА” (отун энергетика комплексин тескөө боюнча мамлекеттик органы) органы кабыл алат.

“2015-жылга чейин тарифтер боюнча чечимди Жогорку Кеңеш кабыл алып келген. Бирок кийин тарифтерди тескеген көз карандысыз органды түзүү чечими кабыл алынган”, - деди ал.

Рыспаевдин айтымында, мындан мурдараак тарифтерди электр энергиясы импорттолгон учурда гана көтөрүү чечими чыгарылган.

“Бирок ыйгарым укугу бар орган сөзүнө турган жок. Биз бул маселени парламентте талкуулап жатабыз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий