• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад облусунда массалык ишембилик өттү

Аймак 0

Бишкек, 18.03.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда массалык ишембилик өттү.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, өнөктүккө өкүлчүлүктүн аппаратынын кызматкерлери да активдүү катышты.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунда 2024-жылдын 1-мартынан 1-июнуна чейин бардык район, шаарларда айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү жана жашылдандыруунун үч айлыгы жарыяланган.

Анын алкагында көчө, аллея, сейил бактарга дарак көчөттөрүн, гүл түрлөрүн эгүү, бак-дарактарды бутоо, актап-сырдоо, санитардык абалын жакшыртуу, арык-каналдарды тазалоо жана жээк бекемдөө иштери аткарылат.

Мындан сырткары, ири автожол бойлорун абаттоо, көчөлөргө түнкү жарыктандыруу орнотуу, мекеме жана турак жайлардын архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу иштери аткарылмакчы.

Пикир

Оставить комментарий