• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эртең Ош шаарынын айрым аймактарында газ өчүрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 22.05.23. /Кабар/. Ош шаарында 23-майда саат 10:00дөн 17:00гө чейин убактылуу газ берүү токтотулат. Бул тууралуу, “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынын “Ошгаз” филиалы билдирди.

Ишкана көгүлтүр от берүү Курманжан датка 233, Г.Айтиев көчөсүнүн кесилишинде орточо басымдагы 426 мм газ түтүгүнөн газ чыгуусу аныкталып, газдын чыгышына жол бербөө, коопсуздукту камсыздоо максатында оңдоо иштерине байланыштуу токтотуларын белгиледи.

Жаратылыш газын берүү төмөнкү даректер боюнча өчүрүлөт: Курманжан датка, Г.Айтиев, А.Навои, Мамажан, Давыдов, Ленин көчөлөрү.

Ошондой эле ишкана, шаар тургундарын ушул мезгил аралыгында газ жабдууларын колдонбоону жана күйгүзүп калтырбоону, газ жабдууларды өчүрүүдө жана иштетүүдө коопсуздук чараларын сактоону суранат.

Пикир

Оставить комментарий