• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Коопсуз шаар". 5 айда республикалык бюджетке 243,8 млн сом түштү

Экономика 0

Бишкек, 12.06.23. /Кабар/. 2023-жылдын 5 айында "Коопсуз шаар" долбоорунан республикалык бюджетке 243,8 млн сом түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө" мыйзамындагы "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентинин экинчи этабын ишке ашырууну эске алуу менен 900 млн сом өлчөмүндө финансылык каражат каралган.

2023-жылы каралган каражаттардын ичинен Санариптик өнүктүрүү министрлигине министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, подрядчы "Вега Оперейтинг Компани" ЖЧКсы менен түзүлгөн келишимдерге жана 2022-жылдын октябрь, ноябрь, декабрь айлары жана 2023-жылдын январь айлары үчүн берилген салыштыруу актысына ылайык эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн 45,6 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүндү.

Пикир

Оставить комментарий