• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

МСКнын төрагасы салык жол-жоболорун фискалдаштыруу жөнүндө айтып берди

Экономика 0

Бишкек, 20.08.20. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тартып салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун алкагында электрондук эсеп-фактуралар, автомай куюучу станцияны башкаруунун автоматташтырылган системасы, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз сыяктуу долбоорлор ишке киргизилди. Бул тууралуу брифингде МСКнын төрагасы Кабыл Абдалиев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, 1-июлдан тартып кошумча нарк салыгын төлөөчүлөр, товарларды импорттоочулар жана экспорттоочулар электрондук эсеп-фактураларды милдеттүү колдонууга өтүштү.

"Система ишке киргизилгенден баштап электрондук эсеп-фактураны 8 миң 863 ишкер пайдаланууда, аларга жалпы жүгүртүү суммасы 59 млрд 908,7 млн сом суммадагы 497 миң 997 электрондук эсеп-фактура таризделди. Жыйынтыгында июль айында КНС боюнча белгиленген план 112,5 пайызга аткарылды же 253 млн сомго ашыгы менен жыйналды", - деп билдирди ал.

Ошондой эле МСКнын башчысы маалымдагандай, 1-июлдан тартып май куюучу станциялар, анын ичинде авто газ толтуруучу жана газ толтуруучу компрессордук станциялар май куюучу жайларды башкаруунун автоматташтырылган системасы менен иштей башташты.

"Жаңы системанын өзгөчөлүгү болуп, ККМ-онлайн менен андан аркы милдеттүү интеграцияланышы эсептелет, анын эсебинен кардар акы төлөп, кассалык чек албай туруп май куюусу мүмкүн эмес. Себеби, май куюучу жайдын колонкасынан мунайзатты берүү жөнүндө сигнал иштебей калат. Мунайзат май куюучу жайга берилген учурда система бул маалыматты параллелдүү түрдө салык кызматынын серверине реалдуу убакыт режиминде берүүгө мүмкүндүк берет", - дейт ал.

Абдалиев белгилеп кеткендей, 20-августка карата иштеп жаткан 1046 май куюучу станциялардын ичинен 676сы автоматташтырылган системаны орнотту.

"Бишкек шаарындагы май куюучу жайларга жаңы системаны орнотуунун көрсөткүчү 84%ды, Ош шаарында – 89,5%, Чүй облусунда – 80,4%, Ысык-Көл облусунда – 82,2%, Нарын облусунда – 71%,Талас облусунда – 57,6%, Ош облусунда – 44,1%, Жалал-Абад облусунда – 52,9% жана Баткен облусунда – 51,6%ды түздү. Жаңы системаны орното электер боюнча салык органдары мыйзам чегинде тийиштүү иш-чараларды, анын ичинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Ушул тармакта иш алып барган ишкерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарын сактоо керек экендигин эскертип кетким келет, – деди өз сөзүндө МСКнын төрагасы.

2020-жылдын 1-июлунан баштап мунайды жана мунайзаттарын казып алуу, өндүрүү жана сатуу менен алектенген чарба субъекттер Салык кызматынын маалыматтык системасы аркылуу технологиялык чынжырча боюнча мунайзатты жүктөө үчүн электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды тариздей башташты. Аталган электрондук документте мунай жана мунай заттар, жөнөтүүчү, алуучу жана жүктү жеткирүүчү транспорттук каражаттар жөнүндө жана башка маалыматтар камтылат.

1-июлдан тартып мунайтрейдерлер 19 миң 772 электрондук-транспорттук коштомо кагазды тариздешти.

Пикир

Оставить комментарий