• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кепилдик фонду менен Кореянын KODIT кредиттик фонду өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду

Экономика 0

Бишкек, 14.03.24. /Кабар/. "Кепилдик фонду" ААКсы менен Кореянын KODIT кредиттик кепилдик фонду өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум түзүштү, деп билдирет "Кепилдик фонду" ААКсынын басма сөз кызматы.

Документке “Кепилдик фонд” ААКтын башкармалыгынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров жана KODIT фондунун директорлор кеңешинин төрагасы Чхве ВонМок кол коюшту.

Меморандумдун максаты — Кореяда жана Кыргызстанда жана ишкердикти өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү жана жагымдуу шарттарды түзүү боюнча тараптардын күч-аракеттерин бириктирүү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун маселелерин жана мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашты.

Меморандумдун алкагында тараптар жаңы инструменттерди жана каржылоо механизмдерин киргизүү, кредиттик кепилдиктерди берүү, ошондой эле эки өлкөнүн экономикалык тенденциялары тууралуу маалымат алмашуу боюнча тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга макулдашышты. Тараптар өздөрүнүн жетишкендиктерин өз ара жайылта алышат жана ишкердик чөйрөсүндөгү изилдөөлөрүнүн натыйжаларын баса белгилей алышат.

Бул меморандум эки өлкөнүн кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга, анын ичинде тажрыйба алмашуу боюнча иш-чараларга, мамлекеттик кредиттик кепилдик саясаты, чакан жана орто ишканалардын жана бизнестин алдыңкы тажрыйбалары жаатында консультацияларды берүүгө мүмкүнчүлүк түзөрү күтүлүүдө.


Маалымат үчүн: KODIT фонду 1976-жылы негизделген жана кичи жана орто ишканаларды колдоо боюнча өлкөнүн алдыңкы каржы институту болуп саналат.

Фонддун негизги максаты — жетиштүү күрөөсү жок чакан жана орто ишканаларга акча каражаттарын алуу жана финансылык же ишкердик операцияларга ырааттуу өтүү мүмкүнчүлүгүн берүү.

Кореянын кредиттик кепилдик фонду ишканаларга башка компаниялар же мекемелер менен бүтүмдөр боюнча алган милдеттенмелерин жабуу үчүн кредиттик кепилдик кызматтарын көрсөтөт.

Пикир

Оставить комментарий