• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте КР ТИМдин 80 жылдыгына арналган эл аралык мааракелик конференция өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 14.03.24. /Кабар/. Бишкекте "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгына арналган "Өзгөчө учурлар жана маанилүү корутундулар" аттуу эл аралык юбилейлик конференция өтүүдө.

Иш-чарага дипломатиялык кызматтын ардагерлери, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана эл аралык уюмдардын жетекчилери, чакырылган коноктор, Тышкы иштер министрлигинин жана Дипломатиялык академиянын өкүлдөрү катышууда.

Тышкы иштер министринин орун басары Асеин Исаев сөз сүйлөп, 80 жылдын ичинде дипломатиялык кызматта чоң өзгөрүүлөр болгондугун жана муун алмашкандыгын айтты.

"Дипломатиялык кызматтын ардагерлери азыркы муунга үлгү жана тарых. Бүгүнкү иш-чара бир гана мааракени белгилөө үчүн эмес, кызматкерлер ардагерлердин тажрыйбасын үйрөнө турган диалог аянтчасын түзүү максатында өткөрүлүүдө", - деди ал.

Белгилей кетсек, иш-чараны Тышкы иштер министрлиги Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академия менен биргеликте өткөрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий