• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто Өзбекстандын аймагында издөөдө жүргөн жаран кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 14.03.24. /Кабар/. Ош облусунун аймагында Өзбекстанда издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Өзбекстандын Андижан облусунун 1973-жылы туулган К.Ш.Т. аттуу жараны кармалган.

Ал Өзбекстандын аймагында диний-экстремисттик иштерге аралашкандыгы, ошондой эле Өзбекстандын конституциялык түзүлүшүнө кол салгандыгы үчүн издөөдө жүргөн.

Учурда кармалган жаран Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №5 тергөө абагына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий