• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстанда адам өлтүрүүгө шектелип издөөдө жүргөн жаран Бишкектен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.08.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын аймагындагы жеке менчик мейманканалардын биринен Казакстандын жараны 1992-жылы туулган А.Б. кармалган. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин "Адамдардын тобу тарабынан жасалган адам өлтүрүү" беренесинин негизинде издөөдө жүргөн.

Шектүү КР ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан кармалды.

Кармалган жаран өз өлкөсүндө белгилүү клубдардын биринин 28 жаштагы фитнес-машыктыруучусун өлтүрүүгө шектелүүдө. Ал 17-июлга караган түнү Алматы шаарында аны атып өлтүргөн.

Белгилей кетсек, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына казакстандык кесиптештери тергөө органдарынан жашырынып жүргөн адамды издөөгө жана кармоого көмөк көрсөтүү боюнча өтүнүч менен кайрылышкан.

Пикир

Оставить комментарий