• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ Баткен облусунун башчысынын уулун Москвада кармалгандыгынын чоо-жайын айтып берди

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.09.20. /Кабар/. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахмановдун уулу Азиз Орозбаевдин Москва шаарында кармалгандыгынын чоо-жайын айтып берди.

Ага ылайык, 2019-жылдын апрель айында Бишкек шаарында үч жаран, анын ичинен Азиз аттуу адам чет өлкөдөн автоунааларды сатып алабыз деген шылтоо менен ишкердин ишенимине кирип, баасы 1 млн 397 миң сомдук (20 миң АКШ доллар) "Toyota Avalon", 768 миң 350 сомдук (11 миң АКШ доллар) "Hyundai Elantra" үлгүсүндөгү унааларын ээлеп алган.

Укукка жат иш-аракеттин натыйжасында ишкерге 2 млн 165 миң 350 сомдук чыгым келтирилген. 2019-жылдын 10-апрель күнү аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) менен катталган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө шектүүлөрдүн өздүгү такталган. Кармалган жарандардын бирине КР Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) боюнча айып тагылган. Иликтөөнүн жыйынтыгынан кийин материал сотко жөнөтүлгөн. Эки шектүү, анын ичинде Орозбаев Азиз Алишерович алдамчылык иш-аракеттеринен кийин издерин жашырып качып кетишкен.

Тергөөдөн жашырынып жүргөндөрдү алып келүү боюнча бир нече жолу тергөө тапшырмасы берилген. 2020-жылдын январь айында 1989-жылы туулган А.М., менен 1989-жылы туулган А.Орозбаевге Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) боюнча айып тагылган.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасын тандаган. 2020-жылдын март айында шектүүлөр издөөгө алынып, сотко чейинки өндүрүш КР ЖПКнын 237-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык токтотулган. Алдын ала алынган маалымат боюнча издөө жарыяланган А.Орозбаев 2020-жылдын 4-сентябрь күнү Москва шаарынын Красносельск районунун аймагында аймактык укук коргоо органдары тарабынан кармалган.

Бишкек шаардык Ленин РИИБнин Криминалдык милиция кызматы тарабынан Россиянын ИИМдин Москва шаарынын Красносельск районунун бөлүмүнө издөөгө алынган жаранга карата тиешелүү документтер жөнөтүлдү. Кармалган жаранды экстрадициялоо маселеси КР Башкы прокуратурасы тарабынан чечилет.

Пикир

Оставить комментарий