• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кулматов менен Ибраимовдун соту. Зал элге толду

Укук тартиби 0


Бишкек, 13.03.19 /Кабар/. Бишкек шаарынын мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун тарапташтары бүгүн Ленин райондук сотунда өтүп жаткан отурумга 20га жакын гана адамды киргизе тургандыгына абдан нааразы болушту.

Ленин райсоттун өткөрүү пунктунда соттолуучуларды колдоп келген адамдар менен соттун күзөтчүлөрү ортосунда талаш чыккан.

Эске сала кетсек, бүгүн, 13-мартта, Ленин райондук сотунда Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун бириктирилген иши боюнча экинчи отурум башталышы кутүлүүдө. Соттук процесс азырынча баштала элек.

Буга чейинки жыйын сотко катышууга келген адамдардын көбүнөн башка күнгө жылдырылган.

Мурунку мэрлер К.Кулматов, А.Ибраимов жана алар менен биргеликте Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын мурунку жетекчиси С.О жана алар менен кылмыштык сүйлөшүүгө барган жеке компаниялардын жетекчилери К.Ш. жана С.А. аттуу жарандарга 303-берене (коррупция) боюнча айып тагылган.

Бишкектин экс-мэри К.Кулматов боюнча каралып жаткан кылмыш иштеринен мамлекетке келтирилген зыян 94 млн. 884 миң сомго бааланган.

Пикир

Оставить комментарий