• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Аламүдүн райондук өнүктүрүү фондунун директору пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.04.22. /Кабар/. Сот оң чечим чыгарып берет деп опузалап пара алуу фактысы боюнча Аламүдүн райондук өнүктүрүү фондунун директору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

УКМК коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иштердин жүрүшүндө сот системасындагы маселени оң жагына чечип берүү үчүн Кыргызстандын жарандарынан акча каражатын талап кылуу фактылары боюнча маалыматтар алынган.

Чүй облусунун Аламүдүн райондук өнүктүрүү фондунун директору А.С.К., Кыргызстандын К.Ж.К., аттуу жаранынан ишти кароого кайра кайтаруу жана анын пайдасына жаңы чечим чыгартып берүү үчүн 35 миң АКШ долларын талап кылганы аныкталган.

Белгилей кетсек, А.С.К., бул маселени чечүү үчүн буга чейин К.Ж.К.дан 97,5 миң доллар өлчөмүндө накталай акча каражатын алган. Ошол эле учурда А.С.К., мурда берилген акча каражаттарын (97,5 миң доллар) алган, андан соң сот системасынын жогорку кызмат адамдарына шилтеме жасап, дагы кошумча 35 миң долларын талап кылган.

2022-жылдын 21-апрелинде А.С.К. Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалып,УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий