• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Караколдо уюлдук телефондорду уурдоого шектелип 21 жаштагы жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.01.22. /Кабар/. Караколдо уюлдук телефондорду уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Каракол ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан, өткөн жылдын ноябрь айында уюлдук телефондорду оңдоо жайынан 6 даана уюлдук телефондорду урдоого шектелип, Пристань-Пржевальск шаарчасынын 21 жаштагы тургуну К.М. кармалды.

Кармоо жүргүзүлгөндөн кийин, милиция кызматкерлери анын жашаган жеринде мыйзамдуу тинтүү иштерин жүргүзгөн учурда, жыйырмадан ашык уюлдук телофон табылып алынган. Милиция кызматкерлери шектүүнүн үйүнөн табылган уюлдук телефондор уурдалган буюмдар экенин жокко чыгарышпайт. Ошондуктан, уюлдук телефондорун уурдатып жиберген жарандарды Каракол ШИИБдин тергөө кызматына, же кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнө кайрылууну өтүнүшөт.

Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары уланууда. Кылмышка шектелип кармалган жаран, соттун чечими менен баш коргоо чарасы кабыл алынганча Каракол ШИИБнин убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий