• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Z белгиси бар жол тандабастын айдоочусу кармалды – видео

Коом 0


Бишкек, 22.04.22. /Кабар/. Кечээ, 21-апрелде милицияга Бишкектин Тоголок Молдо көчөсүндө Z белгиси бар унаа турганы тууралуу билдирүү түшкөн.

Кайгуул милициясынан билдиргендей, жерине келген милиция кызматкерлери унаасынын айнегине замазка менен Z тамгасын жазып алган 1977-жылы туулган Б.В. аттуу айдоочуну аныкташкан.

Ведомствонун маалыматына караганда, айдоочу жагдайды тактоо үчүн Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий