• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тоноп кайра акчасын кайтарып берген. Кытайдагы каракчынын таң калтырган кылыгы - видео

Дүйнө 0


Бишкек, 13.03.19. /Кабар/. Кытайдын провинцияларынын биринде аялды тоноп кеткен каракчы жабырлануучусуна акчаларын кайра кайтарып берген. Бул тууралуу Day.Az агенттиги чет элдик басылмаларга шилтеме берип жазган.

Каракчы жабырлануучунун банкоматтан акча чыгарып жаткандыгын көрүп, бычак менен коркутуп, акчаларын тартып алган. Аялды коркутуп, эсебинде калган акчаларды да чыгарууга буйрук берген. Бирок аялдын эсебинде акчасы жок экендигин көргөн каракчы тартып алган акчаларын кайтарып берип, кетип калган.

Белгисиз адамдын бул кылыгы аялды абдан таң калтырган.

Полиция кызматкерлери кылмышкердин мындай берешендигине көңүл бурбай, аны кармап кетишкен.

Пикир

Оставить комментарий