• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

АКШда маймыл чечеги өзгөчө кырдаал деп жарыяланды

Дүйнө 0

Бишкек, 05.08.22 /Кабар/. АКШнын Саламаттык сактоо министрлиги маймыл чечегин өзгөчө кырдаал деп жарыялады. Бул тууралуу Лента.ру The Wall Street Journal басылмасына шилтеме менен жазды.

Саламаттык сактоо министри Хавьер Бесерре вируска каршы чараларды кийинки деңгээлге көтөрүүгө даярдык бар экенин айтты.

“Биз ар бир америкалыкты маймыл чечегине олуттуу мамиле кылууга үндөйбүз», - деди ал.

АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун маалыматы боюнча, өлкө ооруну жуктургандардын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. Бүгүнкү күндө оорунун 6,6 миң учуру катталды.

Пикир

Оставить комментарий