• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу май рыногундагы баанын абалы туруктуу

Экономика 0

Бишкек, 14.03.24. /Кабар/. Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу май рыногундагы баанын абалы туруктуу. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

14-мартка карата республика боюнча, АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин орточо баасы 62,1 сом/литр, дизель майы 70,6 сом/литрди түздү.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу арзан.

Үстүбүздөгү жылдын 14-мартына карата ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде күйүүчү-майлоочу майлардын орточо салыштырма баасы, сом/л.

(Улуттук банктын 2024-жылдын 14-мартына карата курсу боюнча)

Кыргызстан

Казакстан

Россия

Беларусь

Армения

Тажикстан

Өзбекстан

Аи-92

62,1

40,8

49,5

63,0

109,0

81,6

76,7

Аи-95

69,2

52,7

54,2

65,8

117,9

93,0

95,9

Дт

70,6

58,6

63,4

65,8

120,1

93,0

94,4

Кыргызстандын ички рыногу менен дүйнөлүк рыноктун ортосундагы баанын айырмасы ар кайсы мамлекеттердеги салыктардын жана субсидиялардын айырмачылыктары менен, ошондой эле Кыргызстандын импорттоочулары күйүүчү-майлоочу майларды Индикативдик баланстын шарттарында ташып келүүсү менен түшүндүрүлөт.

Учурда республикада күйүүчү-майлоочу майдын жетиштүү запастары бар, бул өз кезегинде рынокто баанын турукташуусуна оң таасирин тийгизүүдө.

Кыргызстандын мунай продуктыларына болгон жылдык керектөө болжол менен 1,4 млн тоннаны түзөт.

Орточо суткалык керектөө: бензин – 1781 тонна, дизель майы 1507 тонна (бардыгы 3288 тонна).

Ушул жылдын 13-декабрында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы (МЖК) менен Нефтетрейдерлер ассоциациясынын ортосунда кызматташуу боюнча келишим түзүлдү.

Кыргызстандын нефтетрейдерлери республиканын калкынын таламдарын эсепке алуу менен, күйүүчү-майлоочу майлар менен адилеттүү баада туруктуу камсыз кылуу, ошондой эле алардын негизсиз өсүшүнө жол бербөө үчүн социалдык жоопкерчиликти көрсөтүү менен:

- тышкы факторлорду жана монополияга каршы мыйзамдардын талаптарына ылайык келүүгө тийиш болгон ички саясатын эске алуу менен мунай продуктуларынын калк үчүн баасын жана физикалык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга;
- мунайзаттарын сатууда керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын бузууга жол бербөөгө;
- мунай продуктуларынын зарыл запастарын камсыз кылуу жана алардын ички рынокто тартыштыгын болтурбоо.

Түзүлгөн макулдашуунун алкагында САР анын аткарылышына туруктуу негизде мониторинг жүргүзөт.

Ошондой эле кошумчалай кетсек, бүгүн МЭКтин алдындагы АКК күйүүчү-майлоочу май рыногундагы кырдаал боюнча нефтетрейдерлер менен жыйын өткөрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий