• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек мэри жана шаардык кеңештин төрагасы өздөрүнө 150-120 миң сом өлчөмүндө айлык чегерген

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.05.21. /Кабар/. КР Башкы прокуратурасы тарабынан Бишкек шаардык мэриясында жана шаардык кеңешинде коррупцияга каршы аракеттенүү мыйзамдарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн.

Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдиргендей, текшерүүнүн жүрүшүндө Бишкек шаарынын бюджетинин болжолдонгон киреше бөлүгү жасалмалоо жолу менен көбөйтүлүп, анын долбоору Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров тарабынан талкуусуз бекитилип, муниципалдык кызматтардын функционалдык милдеттери өзгөчө маанилүү жана жооптуу жумуштарга теңдештирилип, эмгек акыларына 2 маяна өлчөмүндөгү үстөк акылар негизсиз кошулган.

Жыйынтыгында Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын жана Бишкек шаарынын мэринин бир айлык маянасы 120 миң ​​сом жана 150 миң сомго көбөйтүлүп, натыйжада шаардагы социалдык маселелерди чечүүгө жана инфраструктураны жакшыртуу багытына сарпталуучу бюджеттик каражаттар мыйзамсыз сарпталып, 2019-жылдан 2021-жылдын 1-апрелине чейинки аралыкта мамлекетке 214 млн 581 миң 700 сомдук зыян келтирилгендиги аныкталган.

Жогоруда көрсөтүлгөн зыян Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абировдун жана башка жооптуу кызмат адамдарынын кыймыл аракеттеринен улам келип чыккандыктан, аталган факты боюнча материалдар Башкы прокуратура тарабынан КР Жазык кодексинин 320-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Пикир

Оставить комментарий