• 88.68
  • 95
  • 0.95

Атайын рота эки күндө 44 мас айдоочуну кармады. Эми алар унаа башкаруу укугунан ажыратылат

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.11.23. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында 25-26-ноябрь күндөрү Атайын рота тарабынан "Рулда" рейди өткөрүлүп, анын алкагында 44 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан (ЖКККББ) билдиришти.

Маалыматка ылайык, эми алардын бардыгы соттун чечими менен бир жылдык мөөнөткө унаа башкаруу укугунан ажыратылат.

Өлкө аймагы боюнча "Рулда" рейди ЖКККББнын Атайын адистештирилген ротасы тарабынан декабрдын аягына чейин өткөрүлөт. Анын максаты - жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, жол кырсыктарынын алдын алуу жана аны болтурбоо болуп саналат.

Рейддин алкагында айдоочуларга, жөө жүргүнчүлөргө жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлүп, айрыкча ылдамдыкты ашырып айдаган айдоочуларга жана мас абалында унаа каражаттарын башкаргандарга катуу чаралар көрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий