• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чүй облусунда “Хизб-ут-Тахрир” уюмунун 7 мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13-март /Кабар/. Чүй облустук ИИББнын кызматкерлери тыюу салынган “Хизб-ут-Тахрир” диний чагымчыл уюмунун 7 мүчөсүн кармашты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Хизб-ут-Тахрир” уюмуна мүчө жарандардын үйүн тинтүүгө алганда экстремисттик жана диний адабияттар табылган, кармалгандардан жаш-курагы – 21 жаштан 40 жашка чейинкилер.

Тинтүү Аламедин ИИРБ тарабынан КРнын кылмыш кодексинин 299-беренеси (Экстремисттик материалдарды жасоо жана жайылтуу максатында сактап жүрүү) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлдү.

Тинтүүдө компьютер, 3 ноутбук, угуучу аппарат, планшет, 13 чөнтөк телефон, фотоаппарат, 8 флеш-карта, 78 китеп, 52 DVD-дисктер, 2 колго жазылган дептер, блокнот, барактар, 9 видео-кассета, тыюу салынган “Хизб-ут-Тахрир” материалдары камтылган 2 аудио-кассета алынган.

Соттук-медициналык экспертиза белгиленди. Тергөө жүрүп жатат. Тинтүү жүргүзүлгөн даректе мурда дагы ушундай эле кылмыш менен соттолгон жана аталган уюмдун активдүү мүчөсү деп аталган жаран жашайт. Кармалгандардын экөөсү убактылуу камоочу жайга камалды, калгандары боюнча тергөө амалдары жүрүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий