• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ысык-Көлдө ири өлчөмдө баңгизатын сатууну көздөгөн кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.12.21. /Кабар/. Ысык-Көл ОИИБдин баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери, КР ИИМдин Ысык-Көл облусу боюнча «Шумкар» атайын операцияларды өткөрүү отрядынын жоокерлери менен бирдикте баңгизаттарын ири өлчөмдө сатып өткөрүү менен алектенген топтун мүчөлөрүн кармады.

Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, декабрь айынын башында облустук ички иштер башкармалыгына аймактын үч тургуну мыйзамсыз сатып өткөрүү максатында үйлөрүндө ири өлчөмдө баңгизатын сактап жүрүшкөндүктөрү жөнүндө ыкчам маалымат түшкөн.

Аталган маалымат Ысык-Көл ОИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 282-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталат.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, баңгизаттарын мыйзамсыз өткөрүүнү көздөп жаткан жарандардын өздүктөрү аныкталат. Алар, Ак-Суу районундагы айылдарынын биринин тургундары 38 жаштагы К.А., 39 жаштагы Б.Т. жана 26 жаштагы Т.А. болуп чыккан. Андан аркы жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин жүрүшүндө, шектүүлөр баңгизаттарын өткөрүү үчүн сатып алуучуларды издеп жатканын, же болбосо баңгизаттарды унаага алмаштырууну көздөп жүрүшкөндөрү милиция кызматкерлерине белгилүү болот.

Милициянын ыкчам кызматкерлери сатып алуучулар катары шектүүлөр менен кезигип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Сүйлөшүүдө, шектүүлөр мыйзамсыз сактап жүрүшкөн баңгизаттарын «Ниссан» жана «Ауди 100» үлгүсүндөгү автоунааларга алмашууга макул болушат. 42 даана ширеңке кутучасына салынган баңгизаттарын өткөрүп жаткан жеринен, кылмышка шектүү болгон жарандар милиция кызматкерлери тарабынан кармалышкан. Андан тышкары, 39 жаштагы Б.Тнын үйүн санкцияланган тинтүү иштерин жүргүзүү учурунда, жапайы кендирдин жыты бар өсүмдүк табылып алынган.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусу боюнча, алынган далил заттар гашиш жана марихуана түрүндөгү баңгизатына таандык экени аныкталып, гашиштин жалпы салмагы 658 граммды түзсө, марихуананын жалпы салмагы 239 граммды түздү. Кылмышка шектүү катары кармалган жарандарга карата Каракол шаардык сотунун чечими менен 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий