• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК: Араван районунун Юсупов айыл аймагынын мурдагы башчысы кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.11.23 /Кабар/. Ош облусунун Араван районундагы Юсупов айыл аймагынын мурдагы башчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Араван районунун мамлекеттик мекемелеринин кызмат адамдарына жана жооптуу адамдарына карата жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

2023-жылдын 22-ноябрында С.Юсупов айыл аймагынын мурдагы жетекчиси Ф.Ш.Х. кармалды. Мамлекеттик экспертизанын баалоосунда мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилген жер тилкесинин баасы 11,8 млн сом экени аныкталган.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий