• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте жана Ысык-Көлдө баңгизатын тараткан топ аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.04.23. /Кабар/. Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунун аймагында баңгизатын тараткан топ аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-мартта болжол менен саат 15:00 чамасында Бишкек шаарынын Элебаев көчөсүнөн 45 жаштагы С.К. аттуу жарандан салмагы 180 граммды түзгөн гашиш сатып алынган.

Мындан аркы тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө 26-мартта Бишкек шаарынын Анкара көчөсүнөн Ысык-Көл облусунун 45 жаштагы О.М. жана С.К. аттуу жарандары кармалган.

Шектүүлөрдүн бири убактылуу жашаган Бишкек шаарында жайгашкан үйдүн короосун тинтүү учурунда 60 брикет өлчөмүндөгү болжол менен 954 грамм гашиш табылган.

Мындан тышкары, Ысык-Көл облусунун Жаркынбаев айылынан баңгизатын сатууга шектелип 37 жаштагы С.М. аттуу жаран кармалган.

Алынган баңгизаттын жалпы салмагы 1 кг 157 граммды түздү.

Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча мындан аркы тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий