• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров Лондондо бир катар компаниялардын жетекчилери менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 28.11.23./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Лондон шаарына (Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугу) болгон жумуш сапарынын алкагында, “МАЙНЕКС – Евразия 2023” эл аралык конференциясынын жүрүшүндө, каржы жана тоо-кен тармагында иш алып барган бир катар компаниялардын жетекчилери менен жолукту.

Алгач, британиялык “Rotschild and Co”компаниясынын башчысы Ариэль де Ротшильд менен жолуккан Акылбек Жапаров каржы маселелерин кенен талкуулашты.

Андан соң “Franklin and Templton” инвестициялык фондунун аткаруучу директору Мариус Дэн менен жолугуп, активдерди башкаруу боюнча сүйлөштү. Маалыматка ылайык, бул компаниянын башкаруусундагы активдер 1,3 трлн доллар.

Мындан тышкары консалтингдик “SRK Consulting” компаниясынын жетекчиси Тим Ларкс менен жолугуп, тоо-кен тармагында сүйлөшүү жүргүздү.

Бул багытта министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “тоо-кен тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү менен биз бул ишке ата мекендик гана эмес, бардык кызыкдар инвесторлорду жана бизнес чөйрөлөрдү тартууга дайым даяр экенибизди билдиребиз. Ушуга байланыштуу биз Кыргыз Республикасына бардык инвесторлорду тоо-кен тармагында, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптеринде кызматташууга чакырабыз”.

Ошондой эле Маанилүү минералдар боюнча тегерек столго катышкан Акылбек Жапаров “энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле экологиялык жактан таза энергия булактарын өнүктүрүү жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү максатында Кыргыз Республикасы маанилүү пайдалуу кендерди казып алууну өнүктүрүүгө кызыкдар”, - деп билдирди.

Андан соң “Renaissance Capital” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугуп, инвестиция тартуу боюнча эки тарапты кызыктырган маселелерди талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий