• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ат-Башы районунда инфраструктуралык долбоорлор үчүн жерлерди трансформациялоо иштери жүргүзүлөт

Өкмөт 0

Бишкек, 31.05.22. /Кабар/. Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Талаа айыл аймагынын аймагында жайгашкан 10,9 га жер «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» катеригориясына өзгөртүлөт. Мындай чечим министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынды.

Бул маселе Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигинин демилгеси боюнча министрлер кабинетинин жыйынынын кароосуна коюлду.

Трансформацияланган жер участогуна кабыл алынган чечимдин алкагында таштандыларды сактоо үчүн эки кык сактоочу лагунаны куруу жана аларды андан ары жылдын белгилүү бир мезгилдеринде жергиликтүү калкка органикалык компост катары таратуу пландаштырылууда.

Аталган жер участогун которууда (трансформациялоодо), аймактык инвестициялык долбоорду Ат-Башы районунда ишке ашыруу түз жана кыйыр социалдык-экономикалык натыйжаларга ээ болот. Бул таасирлер жергиликтүү калктын иш менен камсыз болушу, региондогу айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн көлөмү, жергиликтүү бюджетке социалдык жана салыктык төлөмдөр, өндүрүш үчүн жаңы товарларды жана кызматтарды пайда кылуу менен жумуш орундарын түзүү сыяктуу көрсөткүчтөргө таасир этет.

Пикир

Оставить комментарий