• 88.68
  • 95
  • 0.95

Министрлер кабинети Үрөнчүлүк чарбалар жөнүндө жобону бекитти

Өкмөт 0

Бишкек, 31.05.22. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Үрөнчүлүк чарбалары жөнүндө жобо бекитилди. Тиешелүү чечим министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда өткөн министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынды.

Белгилесек, «Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбалары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом долбоору Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги тарабынан ата мекендик үрөнчүлүк секторун өнүктүрүү үчүн ылайыктуу шарттарды түзүү жана республиканын айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сертификатталган үрөндөрү менен тийиштүү көлөмдө камсыздоо максатында демилгеленген.

«Республиканын үрөн секторунун бүгүнкү абалы айыл чарба өндүрүшүнүн керектөөлөрүнө жооп бербейт. Айыл товар өндүрүүчүлөрүнүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн тастыкталган үрөндөрү менен камсыздалышы орто эсеп менен 60% ашпайт. Бул келечекте иш алып баруу пландаштырылып жаткан маселелердин бир гана бөлүгү болуп саналат», - деп белгиледи Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков.

Үрөнчүлүк чарбалар жөнүндө жобонун ченемдерин ишке ашыруу үрөнчүлүк тармагын мындан ары өнүктүрүү үчүн негиз түзөт жана үрөн чарбаларды түзүү үчүн керектүү айдоо жерлери бөлүгүндө жеңилдетилген талаптар киргизилүүдө. Ошондой эле, түзүлүп жаткан үрөн чарбанын адистиги боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түрлөрү конкреттештирилүүдө.

Талкуу жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Үрөнчүлүк чарбалары жөнүндө жобо бекитилди.

Пикир

Оставить комментарий