• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Абылгазиев «Перите Коал» ишканасынын иши жана Жекенди-Шибээ каналынын курулушунун жүрүшү менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 13.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусуна жумушчу сапарынын алкагында Алай районундагы «Перите Коал» көмүр ишканасынын иши жана Жекенди-Шибээ каналынын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Өкмөт башчы Алай районунун бир катар айылдарынын тургундарын сугат суу менен камсыздаган каналдын курулушунун жүрүшүн көрүп чыкты.

Мухаммедкалый Абылгазиев алдыдагы иштердин планы менен тыкыр таанышып чыккан соң, аймак үчүн маанилүү ирригациялык курулуштун өз мөөнөтүндө жана сапаттуу жыйынтыкталышын камсыздоону тапшырды.

Андан соң Премьер-министр «Перите Коал» көмүр ишканасынын иши менен таанышты, мында 400 ашуун адам иштесе, анын төрттөн бир бөлүгү – жергиликтүү айылдардын тургундары.

Кыдыруу учурунда Өкмөт башчы көмүр карьерин, ишкананын инфраструктурасын көрүп чыгып, компаниянын ишмердүүлүгү жана келечектеги өндүрүштүк пландары тууралуу маалымат алды.

Белгилей кетсек, «Перите Коал» компаниясы Баткен жана Ош облустарынын жашоочуларын, ошондой эле өлкөнүн бир катар өнөр жай ишканаларын көмүр менен камсыздайт. Мындан тышкары көмүр Кытайга, Өзбекстан Республикасына жана Тажикстан Республикасына экспорттолот.

Алай районунда биринчилерден болуп Талды-Булак айыл аймагы «Перите Коал» компаниясынан түшүүлөрдөн улам дотациядан чыккан.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, мындай жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз кызматташууга багытталган ишканалар аймактарды өнүктүрүүнү, жумушчу орундарын түзүүнү жана экономикалык активдүүлүктү өбөлгөлөөнү шарттайт.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, күз-кыш жылуулук мезгилине даярдык көрүү учурунда энергетикалык жана социалдык объектилерди, ошондой эле калкты жеткиликтүү баада сапаттуу көмүр менен камсыздоо үчүн көмүр ишканасынын үзгүлтүксүз иштөөсү маанилүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий