• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баатырбеков: Түнкү станционарларды жогорку квалификациялуу адистер менен камсыздоо ишин күчөтүү зарыл

Өкмөт 0

Бишкек, 17.07.20. /Кабар/. Бишкек шаарында жана республиканын аймактарында ачылып, бейтаптарга медициналык жардам берип жаткан түнкү стационарларды жогорку квалификациялуу адистер менен камсыздоо ишин күчөтүү зарыл. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Алмазбек Баатырбеков Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди, - деп кабарлайт өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

«Жаңы күндүзгү жана түнкү стационарлар ачылууда, медициналык мекемелерде орундардын саны көбөйтүлүп жатат. COVID-19 инфекциясынын кесепетинен каза болгондор көп болууда. Ошондуктан бейтаптардын өмүрүн сактап калуу үчүн тажрыйбалуу дарыгерлерди ишке тартууну күчөтүү керек», - деди Алмазбек Баатырбеков.

Ошондой эле биринчи вице-премьер-министр учурда тесттик режимде иштеп жаткан медициналык мекемелер менен тез жардам кызматынын өз ара аракеттешүүсүнө координация жүргүзө турган электрондук программанын ишин күчөтүүнү милдеттендирди.

Муну менен катар Алмазбек Баатырбеков Өкмөт тараптан дары-дармектерди жана кычкылтек концентраторлорун сатып алуу иштери уланып жатканын белгилеп, ооруканалар медициналык каражаттар менен камсыз кылынарын кошумчалады.

Жыйындын соңунда Саламаттык сактоо министрлигине медицина кызматкерлерин жеке коргонуу каражаттар жана витаминдер менен камсыздоону көзөмөлдөөнү күчөтүү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий