• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Разаков Дүйнө чемпионатынын алдында атамекендик самбочулар менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек,03.11.18./Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков 8-12-ноябрда Бухарест (Румыния) шаарында өтө турган самбо боюнча Дүйнө чемпионатына катышуучу атамекендик спортчулар менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө өлкө самбочуларынын даярдыктары, тиешелүү шарттарды уюштуруу жана медициналык камсыздоо маселелери талкууланды.

Спортчулар менен саламдашууда Жеңиш Разаков өзгөчө белгилегендей, жашоонун сергек мүнөзүн жайылтуу өсүп келе жаткан муунду тарбиялоодо маанилүү жана ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атамекендик спортту колдоо жана өнүктүрүү боюнча ишмердигинин негизги багыттары тууралуу айтып берди.

Кыргыз Республикасынын самбо Федерациясынын вице-президенти Азиз Ибраев билдиргендей, атамекендик самбочулардын арасында өлкөнүн укук коргоо жана башка мамлекеттик органдарынын кызматкерлери көп кездешет. Ал учурдагы абал жана спортчуларга тийиштүү шарттарды түзүү боюнча самбо Федерациясы тарабынан кабыл алынган чаралар тууралуу маалымат берди.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков үстүбүздөгү жылдагы самбо боюнча эл аралык ири мелдештердеги атамекендик спортчулардын жогорку натыйжаларын канааттануу менен белгиледи.

Мындан тышкары, Жеңиш Разаков басым койгондой, өлкөнүн аймактарында жаштар арасында спортту жайылтуу бөтөнчө мааниге ээ.

«Самбо мен үчүн жакын спорттун түрү, аны менен балачагымдан бери алектенип келгем. 1989-жылы Ленинград аскердик-механикалык институтунун студенти кезимде мага самбо боюнча спорт чеберине талапкер наамы ыйгарылган. Вице-премьер-министр катары мен өз тарабымдан силердин демилгеңерди колдоого жана аларды чечүүгө көмөктөшүүгө даярмын», - деп ырастады Жеңиш Разаков.

Вице-премьер-министр жолдомо сөзүн айтып, алдыдагы Дүйнө чемпионатында атамекендик самбочуларга ийгиликтерди жана жеңиш каалады.

Бухарест шаарындагы самбо боюнча Дүйнө чемпионатына Кыргыз Республикасынан 10 спортчу катышат: Жаныбек Аматов, Жеңишбек Казыбаев, Расулбек уулу Бексултан, Автандил уулу Орозбек, Немат Абдрашитов, Дайырбек Карыйяев, Эдилбек Шакирмаматов, Данияр Алымжанов, Абдымамат уулу Улан жана Нурсултан Уланов.

Пикир

Оставить комментарий