• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Батирлерди кайра куруу жер титирөөгө туруктуулукту төмөндөтөт – Мамкурулуш

Коом 0

Бишкек, 21.02.23. /Кабар/. Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн жер титирөөгө туруктуулугун текшерсе болот, бирок көйгөй көптөгөн жарандардын батирлерде өз алдынча кайра куруу иштерин жүргүзүп жатканында болуп жатат, деди Мамкурулуштун Сейсмикалык туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору Камчыбек Кенжетаев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында.

"Биз батирлердин ичин текшере албайбыз. Ошондуктан көп үйлөрдүн жер титирөөгө туруктуулугу төмөндөгөн. Эки батир кошулган учурлар бар, бул сейсмикалык туруктуулукту бузат", - деди ал.

Ошондой эле Кенжетаев Түркиядагы жер титирөөдөн кийин Бишкекте 5-6 үй гана текшерилгенин билдирди. "Анткени ишканада көзөмөл органы жок жана текшерүү берилген арыздар боюнча гана жүргүзүлөт", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий