• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектеги реабилитациялык зоопаркка жардам көрсөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 06.04.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан "Асанбай" кичи районундагы реабилитациялык зоопаркка жардам көрсөтүлдү.

"Мэрия Бишкек шаарынын муктаж жарандарына көмөк көрсөтүүнү улантууда. Тилекке каршы учурда жаныбарларга да жардам керек. Мындан улам санитардык-экологиялык инспекциянын кызматкерлери "Асанбай" кичи районундагы реабилитациялык зоопаркына эки кап жем алып барып берди", - деп билдиришти мэриядан.

Зоопарктын кызматкерлеринин айтымында, карантиндин улам бир нече күн мурда ал жактагы жаныбарларга тамак берүүгө эч нерсе калбай калган. Бирок кайдыгер эмес шаар тургундары четте турбай, көмөк көрсөтүшкөн.

Мэриядан белгилешкендей, учурда зоопарк жаныбарлар үчүн жем, чөп, жаңгак, витаминдерди алуу үчүн акча чогултууда.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн – Instagram:@zoobishkek.kg.

Пикир

Оставить комментарий