• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кызыл-Кыяда милиция кызматкерлери санитардык-карантиндик посттордо күнү-түнү иш алып барууда

Аймак 0

Бишкек, 06.04.20. /Кабар/. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын милиция кызматкерлери санитардык-карантиндик посттордо күнү-түнү иш алып барууда. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери шаар аймагында маршруттук топторго бөлүнүп, коомдук тартипти карап, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

"Жарандардын аймакта эркин кирип-чыгуусуна чектөө киргизилген. Андыктан жарандарга зарыл жумушу болбосо көчөгө чыкпоо талабы коюлган. Мындан сырткары, жарандар беткап менен жүрүүсү зарыл", - деп билдиришти облустук милициядан

Муну менен бирге облустук милиция, коронавируска байланыштуу жалган маалымат тараткан жарандар мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскертип, социалдык тармактар аркылуу келген маалыматтарга ишенбөөгө жана аны таратпоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий