• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда Starbucks жана Four Seasons мейманканасы пайда болушу мүмкүн

Экономика 0

Эль-Кувейт, 20.02.19. /Кабар/. Эль-Кувейт шаарында Инвестицияларды илгерлетүү жана коргоо агенттигинин директору Шумкарбек Адилбек уулу менен «Аль-Шая Групп» компаниясынын аткаруучу төрагасы Стефен Гурманд жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Бишкек шаарында жаңы беш жылдыздуу мейманкана (Four Seasons) куруу жана белгилүү Starbucks кофесин ачуу маселелери талкууланды.

Стефен Гурманд инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү карап көрүү жана Бишкек шаарында асман тиреген мейманкана куруу үчүн жер караштыруу максатында жакынкы убакта Кыргызстанга келип кетүү ниети тууралуу билдирген.

Агенттиктин директору вариант катары «Ысык-Көл» мейманканасын сунуштап, аны модернизациялоо жана куруу боюнча деталдуу бизнес-планды көрсөткөн.

Пикир

Оставить комментарий